<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>D</key>
<lyrics>[V1]
.D
 Суу көрдүм агып бүтпөгөн,
.G                 A      D
 Шам көрдүм колдор жетпеген.
.D
 Балбылдап көздөр сүйгөндөн,
. G           A      D
 «Теңирим», - дешип тиктеген.
.          G          D
 Даңкташат баары, даңкташат,
.D        G     D     A
 Кудайдын Уулун макташат.

[V2]
 Адамды көрдүм адашкан,
 Арам жол менен бараткан.
 Сүйүүнү көрдүм төгүлгөн,
 Ал: «Чык, - дейт,- жаман адаттан».
 «Арыл, - дейт сени, - арыл, - дейт,
 Арылгын жаман адаттан».

[V3]
 Эрк берди сага, тандап ал,
 Акыл-эс берди, баалап ал.
 Байлыкты бакыт деп жүрсөң,
 Бактыңа чекит бул ажал.
 Байлыкты ташта, байлыкты.
 Бактыңа чекит бул ажал.

[V4]
 Азыр го бизде кеч бешим,
 Туура эмес болор кеч дешим.
 Аз убак калды, ойлонуп,
 Чындыкты изде, жердешим.
 Аз убак калды, аз убак,
 Чындыкты изде, жердешим.</lyrics>
<title>Суу көрдүм агып бүтпөгөн РЫЖ196</title>
<hymn_number>196</hymn_number>
</song>